Капиталдык курулуш башкармалыгы 2 кабаттуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулуш иштерине тендер жарыялайт. Объект Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө, Ленин районунун Семетей көчөсү 6 дарегинде жайгашат. Жер участогунун жалпы аянты 1,264 га. Сметалык наркы 110 миллион 840 миң 557 сом; 2023-жылга 39 000,0 сом каралган.Читать далее
Бугун АКШнын эл аралык онуктуруу боюнча агенттиги (USAID) Кургак учукка каршы улуттук программасына кургак уучуктун тездетилген диагностикасы учун 13 миллион сом олчомундо беш жаны GeneXpert платформасын белекке берди. Жабдууларды тапшыруу Улуттук фтизиатрия борборунда отту. Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшуүну күчөтүүгө багытталган USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында алдыңкы 10 түстүү технология менен GeneXpert диагностикалык жабдууларын […]Читать далее
Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу (трансплантация) операциясы жасалат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жазды. “Бүгүн мамлекетибизде маанилүү окуянын башталышы болду. Жакшы билесиздер, арабызда бөйрөгүнөн, боорунан жана ички органдарынан жабыркагандар бар. Алар өтө чоң суммадагы каражаттарды сарптап, чет өлкөлөргө барып операция жасатып келишет. Каржылык мүмкүнчүлүгү жоктор тек гана өмүрү менен коштошуп, […]Читать далее
2023-жылдын 6-июлунан 13-июлуна чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Кароо Кытай Эл Республикасынан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт. Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу […]Читать далее
Улуттук госпиталдын “Ден соолук кербени” Чүй облусунун айылдарынын тургундарын профилактикалык
Улуттук госпиталдын «Ден соолук кербени» автопоездинин базасындагы көчмө консультациялык-диагностикалык кызматынын бөлүмү айылдардын жана жетүүгө кыйын аймактардын калкынын ооруларын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу максатында айыл тургундарын жана алыскы аймактардын жашоочуларын профилактикалык кароодон өткөрөт. “Ден соолук кербенинин” камтуу аймагына Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустары кирет. 2023-жылдын март айынан май айына чейин «Ден соолук кербени» […]Читать далее
Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча минималдуу инвазивдүү операция жасалды
Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча (өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу) минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды. Мастер-класс режиминдеги бул операция КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борборунун дарыгерлеринин делегациясынын илимий иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү. Кытай дделегациясын борбордун директору доктор Че Июн баштап келди. Алдын ала кыргызстандык […]Читать далее
2020-жылдан бери Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 5 жолку эпидемиологиялык өсүшү байкалган
2020-жылдан бери Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын 5 жолку эпидемиологиялык өсүшү байкалган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Пандемия башталгандан тарта өлкөдө COVID-19дун 206 897 учуру катталган. Акыркы жумада коронавирустун 3 жаңы учуру аныкталды. Республикада коронавирус инфекциясына күн сайын мониторинг жүргүзүлөт жана тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык бардык […]Читать далее
Мобилдик мульти-диагностикалык комплекс Ош облусунун Алай районунун тургундарын бекер медициналык
КР Саламаттык сактоо министрлигинин алыскы аймактардын тургундарына жеткиликтүү медициналык жардам көрсөтүү демилгесинин алкагында Ош облусунун Алай районунун тургундарын мульти-диагностикалык көчмө комплексинин кызматкерлери акысыз текшерүүдөн өткөрүүдө. Бул комплекс райондун бардык жашоочулары үчүн бекер медициналык кароодон, дарылоодон жана консультациялардан, ошондой эле диагностикалык кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта көрсөтүүдө. Диагностикалык көчмө комплекс заманбап жабдуулар менен жабдылган, бул ар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасын» пилоттук режимде ишке киргизүүнү баштады. «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы» – бул бейтаптардын медициналык маалыматтарын сактаган жана башкарган маалымат системасы, медициналык кызматкерлерге онлайн режиминде кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Системаны иштеп чыгуунун максаты бейтаптардын ден соолугу жөнүндө маалыматка ыкчам жана […]Читать далее
Улуттук госпиталда кан тамыр ооруларын диагностикалоо жана дарылоо үчүн заманбап ангиографиялык комплекс пайдаланууга берилди. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Бүгүн, 2023-жылдын 18-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Улуттук госпиталда өткөн алдыңкы ангиографиялык комплексти ачуу жана ишке киргизүү аземине катышты. Кан тамыр ооруларын диагностикалоого жана дарылоого арналган жаңы жабдуулар өлкөбүздүн […]Читать далее