2020-жылдан бери Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 5 жолку эпидемиологиялык өсүшү байкалган

 2020-жылдан бери Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 5 жолку эпидемиологиялык өсүшү байкалган

2020-жылдан бери Кыргыз Республикасында коронавирус инфекциясынын 5 жолку эпидемиологиялык өсүшү байкалган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

 

Пандемия башталгандан тарта өлкөдө COVID-19дун 206 897 учуру катталган. Акыркы жумада коронавирустун 3 жаңы учуру аныкталды.

 

Республикада коронавирус инфекциясына күн сайын мониторинг жүргүзүлөт жана тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык бардык облустар жашыл зонада турат.

 

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул Кыргызстанда COVID-19 боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу экенин билдирет.

 

Эскерте кетсек, эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна байланыштуу КР Министрлер Кабинетинин 27.10.2022-ж. №582 буйругу менен өлкөдө 2022-жылдын 1-ноябрынан тарта ӨК режими алынган.

 

5-майда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус маалымат жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышы мындан ары эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал катары саналбайт деп расмий жарыялаган.

Связанный пост