USAID кургак уучуктун тездетилген диагностикасы учун беш GeneXpert платформасын белекке берди

Бугун АКШнын эл аралык онуктуруу боюнча агенттиги (USAID) Кургак учукка каршы улуттук программасына кургак уучуктун тездетилген диагностикасы учун 13 миллион сом олчомундо беш жаны GeneXpert платформасын белекке берди. Жабдууларды тапшыруу Улуттук фтизиатрия борборунда отту.
 Кыргызстанда кургак учукка каршы күрөшуүну күчөтүүгө багытталган USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун алкагында алдыңкы 10 түстүү технология менен GeneXpert диагностикалык жабдууларын алдык. Бул аппаратура кургак учуктун штаммдарын жана алардын кургак учукту дарылоодо колдонулуучу негизги дарыларга сезгичтигин эки саатка жетпеген убакытта аныктоого мумкунчулук берет.
 Бул платформалар Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы кургак учукка каршы күрөшүү борборлоруна орнотулат. Мындан тышкары, Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасына жана аймактардагы баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү мекемелерине атайын компьютердик жабдуулар орнотулат.
 Жабдууларды орнотуу менен жалпы улуттук кургак учуктун тездетилген молекулярдык диагностикасына жеткиликтүүлүк 29 GeneXpert платформасы аркылуу камсыз кылынат. Бул кургак учуктун жайылышын азайтууга жардам берип, тез жана натыйжалуу диагнозду көбүрөөк адамдар ала алат дегенди билдирет.

Связанный пост