Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт

 Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт
2023-жылдын 6-июлунан 13-июлуна чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Кароо Кытай Эл Республикасынан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт.
Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек.
Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдан ала жазылуу менен жүргүзүлөт.
Көңүл бургула! Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар:
– кош бойлуулук;
– этек кир;
– скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.
Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.
Аялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 2023-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын профессорлор Чжан Лей жана Ченг Виньцзюнь баштаган кытайлык адистердин делегациясы менен жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилгенин белгилейбиз.
Кытай келечекте Кыргыз Республикасынын медицина тармагындагы маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Жатын моюнчасынын рагы – биринчи эл аралык медициналык кызматташуу долбоору болот. Кытай делегациясынын иш сапарынын максаты – биздин аялдарга жатын моюнчасынын рагын алгачкы баскычта аныктоого мүмкүнчүлүк берүү.

Связанный пост