Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча минималдуу инвазивдүү операция жасалды 

Кыргызстанда биринчи жолу өпкөнүн лобэктомиясы боюнча (өпкөнүн иштешин сактоо менен бир бөлүгүн алып салуу) минималдуу инвазивдүү хирургиялык операция жасалды. Мастер-класс режиминдеги бул операция КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борборунун дарыгерлеринин делегациясынын илимий иш сапарынын алкагында жүргүзүлдү. Кытай дделегациясын борбордун директору доктор Че Июн баштап келди.

Алдын ала кыргызстандык жана кытайлык дарыгерлер өпкө кургак учугун хирургиялык дарылоодогу заманбап ыкмалардын өзгөчөлүктөрүн илимий-практикалык конференцияда талкуулашкан. Кытайлык дарыгерлер көкүрөккө минималдуу инвазивдүү хирургиялык операцияларды жасоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Маалым болгондой, минималдуу инвазивдүү хирургия эндоскопиялык ыкмаларды колдонуу менен же булчуңдардын кичинекей кесилиши аркылуу хирургиялык кийлигишүүлөрдөн кийин травмаларды олуттуу түрдө азайтат.

«Өпкөнүн лобэктомиясы боюнча операция Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жатат, – дейт Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров. – Операцияга тартылган бардык жабдуулар келечекте ушул сыяктуу операцияларды жасоо үчүн биздин борбордо калат».

Кытайлык дарыгерлердин илимий иш сапарынын жыйынтыгында Синьцзян медициналык университетинин Көкүрөк хирургиясы борбору менен Улуттук фтизиатрия борборунун ортосунда илимий-практикалык кызматташууну улантуу боюнча үч жылдык Келишимге кол коюлду. Анын алкагында медициналык кызматкерлерди даярдоо, тажрыйба алмашуу ж.б. каралган.

Иш сапар КРнын Саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев менен жолугушуу менен аяктап, анда ыраазычылык билдирүү менен бирге Кыргызстанда өпкө кургак учуктун минималдуу инвазивдүү хирургиясынын келечеги талкууланды.

Кыргызстан менен Кытайдын дарыгерлеринин тажрыйба алмашуусу ШКУнун (Шанхай Кызматташтык Уюму) илимий-техникалык өнөктөштүгүнүн алкагында «Борбордук Азияда көкүрөк хирургиясында стандартташтырылган минималдуу инвазивдүү методдорду жайылтуу жана колдонуу» программасынын алкагында жүргүзүлүүдө. Улуттук фтизиатрия борбору бул программа менен 2016-жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келет. Буга чейин Кыргызстандын хирургдары бир катар илимий онлайн семинарларга катышып келишкен. Алардын кытайлык кесиптештеринин азыркы сапары ШКУ программасын ишке ашыруунун кезектеги этабы болуп саналат.

Связанный пост