ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкө боюнча 22 медициналык мекемелерге ымыркайлардын жана жаш балдардын угуу көйгөйлөрүн эрте аныктоо үчүн жабдууларды берди. Жабдуулар ымыркайлардын биринчи күнүнөн тартып угуусунун начарлашын аныктоого мүмкүндүк берет. Андан тышкары, Ош облустар аралык балдар ооруканасыдагы атайын жабдуунун пайда болушу менен Кыргызстандын түштүгүндөгү балдардын угуу көйгөйлөрүн диагностикалоо жана тактоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Жабдуулардын жалпы баасы […]Читать далее
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Дже, Корея Республикасынын «KOICA» Эл аралык кызматташтык агенттигинин директору Ли Джонгсу катышты. №1, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна, №2 клиникалык көп профилдүү ооруканасына, Шаардык балдар […]Читать далее
Бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстанда кызамыктын чыгышына жооп катары иммунизация боюнча кампания старт алды. Бул окуяга байланыштуу КР ССМнын коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы З. Бейшебаева, КР ССМнын Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Г.Ишенапысова, КРдагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) өкүлү Д-р Ливиу Ведраско жана КРдагы ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Кристина […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 16-сентябрында, Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым, ШКУнун Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитетинин төрагасынын орун басары Цуй Ли айым, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталына келишип, 12-сентябрдан баштап кытайлык адистер тарабынан кыргызстандыктарга жасалып жаткан акысыз […]Читать далее
Кыргызстанга кызылчанын чыгышына жооп катары иммунизация кампаниясы үчүн кызылча-кызамык вакцинасы келди
Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгеден кызылча-кызамык вакцинасынын 755 500 дозасы келди. Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлиги, КРдагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты. Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы бейтапканасынын имаратынын ачылыш аземине катышты. Министр өз сөзүндө эффективдүү башкаруунун жана эки жылдык экономикалык пландаштыруунун аркасында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги бардык санитардык нормаларга жана талаптарга жооп берген заманбап бейтапканалык имарат курууга жетишкендигин белгиледи. Эми медицина […]Читать далее
2023-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь айым Ош шаардык клиникалык ооруканасы жайгашкан “Ак-Тилек” кичи районуна барышты. Оорукана Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатына курулуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатат. «Оорукананын төрт жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде ал жергиликтүү тургундар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн алмаштырылгыс борборлорунун бирине […]Читать далее
2023-жылдын 29-августунда Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев Нарын облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен санариптик амбулатордук картаны ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү. «Министр өлкөнүн аймактарында санариптик амбулатордук картаны киргизүүнү баштоону тапшырды. Биз медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүүгө толугу менен өтүп, облустун бейтаптары жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуулуктарды түзүшүбүз керек», – […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлиги: “убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” эми онлайн режиминде
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн Санарип MED максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында «Тундук» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында тесттик режимде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу боюнча жаңы кызматты ишке киргизди. Ал үчүн portal.tunduk.kg порталына, же «Tunduk» мобилдик тиркемесине кирип, андан соң “Ден соолук” бөлүмүнө өтүп, “Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” бөлүмүн тандоо […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 24-августунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында медициналык жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Гранттык контрактка ылайык, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жалпы суммасы 6 634 544 сомду түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасы тапшырылды. […]Читать далее