Саламаттык сактоо министрлиги: “убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” эми онлайн режиминде жеткиликтүү

 Саламаттык сактоо министрлиги: “убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” эми онлайн режиминде жеткиликтүү

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн Санарип MED максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында «Тундук» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында тесттик режимде убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу боюнча жаңы кызматты ишке киргизди.

Ал үчүн portal.tunduk.kg порталына, же «Tunduk» мобилдик тиркемесине кирип, андан соң “Ден соолук” бөлүмүнө өтүп, “Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” бөлүмүн тандоо керек.

Ошондой эле, алынган убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары жөнүндө маалымат Санариптик ден соолук профилинде да бар.

Убактылуу эмгекке жарамсыздык санариптик баракчасы ошол эле саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген «убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары» болуп саналат, мындан ары алар атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтуруп, өткөрүп жана сакташат.

Жарандын жеке маалыматтары маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылган «Бейтаптын санариптик амбулатордук картасы» маалымат системасында сакталат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт. Убактылуу эмгекке жарамсыздыктын санариптик баракчалары үчүнчү тараптарга жеткиликсиз.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги саламаттык сактоо системасынын медициналык документтерди электрондук документ түрүндө жүргүзүү бөлүгүндө иш процессин уюштуруу жөнүндө жобону бекиткен. Жобого ылайык, медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүү иштери этап-этабы менен жүрүп жатат.

Связанный пост