Саламаттыкты сактоо министри менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Кытай грантынын эсебинен курулган Ош шаардык клиникалык ооруканасынын иши менен таанышты

 Саламаттыкты сактоо министри менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Кытай грантынын эсебинен курулган Ош шаардык клиникалык ооруканасынын иши менен таанышты

2023-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь айым Ош шаардык клиникалык ооруканасы жайгашкан “Ак-Тилек” кичи районуна барышты. Оорукана Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатына курулуп, учурда ийгиликтүү иштеп жатат.

  «Оорукананын төрт жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде ал жергиликтүү тургундар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн алмаштырылгыс борборлорунун бирине айланды, бул эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилейт», – деди Гүлнара Баатырова ооруканага болгон иш сапарынын жүрүшүндө.

Саламаттыкты сактоо министринин жана Кытай Элчисинин иш сапары бул саламаттыкты сактоо мекемесинин маанилүүлүгүн арттырып, анын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын бир топ жакшыртып, Ош шаары, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын калкынын ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоодогу ордун баса белгиледи.

Маалымат үчүн:

Ош шаардык клиникалык ооруканасы үч корпустан – амбулатордук-диагностикалык, стационардык жана административдик корпустан турат. Амбулатордук-диагностикалык корпуста дарыгерлер бейтаптарга кенеш берип, диагноз коюп, тез жардам көрсөтөт. Анда жандандыруу бөлүмү жана операциялык бөлмө каралган. Стационардык имарат 250 орунга ылайыкталган. Административдик корпуста иш бөлмөлөрү, бухгалтерия, телемедициналык кабинет жана 200 орундуу конференц-зал бар.

Ооруканада хирургия, травматология, нейрохирургия, урология бөлүмдөрү бар. Гастроскопия, лапароскопия, колоноскопия, эхокардиография жана башка диагностикалык жана дарылоо процедуралары үчүн жабдуулар орнотулган. Мекемеде 300дөн ашык медицина кызматкерлери иштейт.

2022-жылы ооруканада 8800 адам дарыланып, 17 000 амбулатордук кайрылуулар катталган. 2022-жылы ооруканада 4060 операция жасалган.

Связанный пост