Кыргызстанга кызылчанын чыгышына жооп катары иммунизация кампаниясы үчүн кызылча-кызамык вакцинасы келди

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгеден кызылча-кызамык вакцинасынын 755 500 дозасы келди.

Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлиги, КРдагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр – инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет.

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат.

Кызамык вирусунун айлануусун азайтуу, оорунун чыгышын аныктоо жана анын андан ары жайылышына бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан БДСУ жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгенин алкагында түзүлгөн, оорулардын чыгышына жооп берүү фондуна шашылыш өлкө өтүнмөсү даярдалган болчу.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо кампаниясы 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош областтарында башталат жана  29-сентябрга чейин уланат.

Кызамык жана кызылчага каршы кампаниянын алкагында  ҮМБ, ҮДТ жана ФАПтын базасында, ошондой эле билим берүү мекемелеринде 750дөн ашык убактылуу эмдөө пункттары иштейт. Мындан тышкары медицина кызматкерлери жетүүгө кыйын болгон калктуу пункттарда жашап жаткан балдар үчүн жеринде барып эмдөө жүргүзүшөт. Кампаниянын алкагында бардыгы болуп мобилдүү 60 бригаданы аракетке келтирүү пландаштырылууда.

Башка областтардын саламаттык сактоо уюмдарында кызамык вирусунун айлануусун алдын алуу максатында 1 жаштагы жана 6 жаштагы балдар арасында кызамык-паротит-кызылчага (КПК) каршы вакцинаны пайдалануу менен кызамыкка каршы пландуу жана «ордун толуктоочу иммунизация» жүргүзүлөт.

Кампания учурунда саламаттык сактоо уюмдарынын адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жана аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу аркылуу максаттуу топко кирген балдардын ата-энелери, мектепке чейинки мекемелердин жана мектептеги билим берүүнүн жетекчилери менен кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу маектешүүлөрдү өткөрүшмөкчү.

 

Маалымат: Жыл башынан бери кызамык менен 1982 адам ооруду, алардын 147си чоңдор жана 1835и балдар, балдардын ичинен  0 дөн 4 жашка чейинки 1454 бала катталган. Ооругандардын көпчүлүгү Ош областында (635 адам), Бишкек шаарында (485 адам), Ош шаарында (296 адам) катталган. Чүй (214 адам), Жалал-Абад (116 адам), Баткен областтарында (92 адам), Талас (77 адам), Ысык-Көл (60 адам) жана Нарын областтарында (7 адам) ооругандар азыраак.

Кызамык – бул кооптуу жана абдан жугуштуу вирустук оору, ага каршы дары-дармек жок, ал эми бул оорудан болгон татаалдашуулар өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Профилактикалык эмдөө албаган балдар жана чоңдор тобокелчилик зонасында болушат. Оорудан эмдөө гана коргой алат.

Связанный пост