Япония өкмөтү Улуттук кардиология жана терапия борборуна заманбап эхокардиограф аппаратын тапшырды

Бүгүн, 2023-жылдын 24-августунда Улуттук кардиология жана терапия борборунда Япония Өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында медициналык жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Гранттык контрактка ылайык, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жалпы суммасы 6 634 544 сомду түзгөн кызыл өңгөч аркылуу эхокардиография жасоо үчүн датчиги бар эксперттик класстагы көчмө санариптик УЗИ системасы тапшырылды.

 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидеки мырзанын катышуусунда өттү.

 

Өзүнүн ыраазычылык сөзүндө министр Япониянын элчиси Года Хидеки мырзага, «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын координаторлоруна саламаттыкты сактоо уюмдарын жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. «Берилген портативдик ЭХОКГ аппараты менен курч коронардык синдрому бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын мындан ары да жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү шашылыш кардиологиялык кызматты чыңдоо, бейтаптарга медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», – деп белгиледи Гүлнара Баатырова.

Связанный пост