Ош облусундагы Өзгөн ЖДПБда амбулатордук бейтаптарды кабыл алуу үчүн салынган жаңы имараттын ачылышы болду

Бүгүн, 2023-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы бейтапканасынын имаратынын ачылыш аземине катышты.

Министр өз сөзүндө эффективдүү башкаруунун жана эки жылдык экономикалык пландаштыруунун аркасында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги бардык санитардык нормаларга жана талаптарга жооп берген заманбап бейтапканалык имарат курууга жетишкендигин белгиледи. Эми медицина кызматкерлери жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүп, Өзгөн районунун калкынын талаптарын толук канааттандыра алышат.

МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун алкагында ноябрь айында имаратка жаңы компьютердик томография (КТ) аппараты, жакынкы күндөрү санариптик рентген аппараты орнотулат. Кошумчалай кетсек, жалпы дарыгерлик практика борбору буга чейин өз каражатына заманбап УЗИ аппараты, эхокардиограф жана эндоскоп сыяктуу акыркы үлгүдөгү медициналык жабдууларды сатып алган.

Бермет Мамасадыкова, Өзгөн ЖДПБнын директору: «Өзгөн районунун 130 миңге жакын тургуну биздин бейтаптарыбыз. Жаңы имараттын пайдаланууга берилиши менен калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп, Өзгөн районунун тургундарынын ден соолугун чыңдоого көмөктөшөбүз. Биздин ЖДПБга кайрылган бейтаптарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз».

Связанный пост