Нарын шаарында санариптик амбулатордук карта ишке кирди

 Нарын шаарында санариптик амбулатордук карта ишке кирди

2023-жылдын 29-августунда Саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев Нарын облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери менен санариптик амбулатордук картаны ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү.

 

«Министр өлкөнүн аймактарында санариптик амбулатордук картаны киргизүүнү баштоону тапшырды. Биз медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүүгө толугу менен өтүп, облустун бейтаптары жана медицина кызматкерлери үчүн ыңгайлуулуктарды түзүшүбүз керек», – деп белгиледи министрдин орун басары.

 

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басарына облустун саламаттык сактоо тармагындагы маалыматтык системаларынын иштеши көрсөтүлүп, Нарын облустук саламаттык сактоо координатору Чыңгыз Нарынбеков туулгандыгы тууралуу күбөлүк санарип форматта берилип, ILab лабораториялык маалымат системасы ишке киргизилип жатканын билдирди.

 

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын Бишкек шаарындагы №9 ҮМБга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмасын аткаруу максатында Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери окутуудан өткөрүлүүдө.

Связанный пост