Кыргызстанда В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо жана дарылоо боюнча өлкөнүн жарандары үчүн акысыз кызматтар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти. 2023-жылдын апрелинен тарта В жана С вирустук гепатиттерин аныктоо жана дарылоо кызматтарын көрсөтүү боюнча программа башталууда. Бул программа В жана С вирустук гепатиттери менен байланышкан медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жөнүндө КР Саламаттык […]Читать далее
Бүгүн, 2023-жылдын 6-апрелинде Франция Өкмөтү Pfizer компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасынын 20 160 доза вакцинасын өткөрүп берди. Бул эмдөөдөн өткөн калк үчүн бустердик дозаларды берүүгө багытталган COVAX глобалдык демилгесинин бир бөлүгү. Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, Франциянын Кыргызстандагы элчиси […]Читать далее
Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын 3-апрелине карата кызамык жана кызылча оорусу катталууда. 2023-жылдын башынан бери 41 кызамык жана 6 кызылча оорусу аныкталган. Аймактар боюнча: Бишкек шаары – 8, Жалал-Абад облусу – 2, Ош облусу – 20, Ош шаары – 7, Баткен облусу – 2, Чүй облусу – 2. Негизги себеп болуп балдарды жана чоңдорду […]Читать далее
Ош шаарынын мэриясында мэрдин орун басары Нурбек Кадыровдун жетекчилиги астында шаар тургундарынын ден соолугун чыңдоо боюнча координациялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Күн тартибинде Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук эмдөө календарынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселе каралды. Иш-чаранын жүрүшүндө мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Н.Закиров, саламаттыкты сактоонун шаардагы […]Читать далее
Кыргызстан боюнча 27.03.2023 – 02.04.2023-ж. карата СOVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Алардын ичинен 11 бейтап ооруканага жаткырылган. 2023-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп […]Читать далее
Ошто 43 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Айтымында 43 баланын ичинен 18и ооруканага жаткырылды, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Калган балдар амбулатордук дарыланууга кое берилген. Учурда уулануунун себебин аныктоо үчүн анализдер дайындалды. Азыркы учурда ооруканада төрт окуучу калып, калган 14ү ооруканадан чыкканы […]Читать далее
Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев Кызыл-Аскердеги Сельсоветская көчөсүндө жайгашкан №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшүн көрүп келди. Жаңы имаратты пайдаланууга берүү 2023-жылдын июль айына белгиленген. Кыдыруунун жүрүшүндө «Нак Строй» ЖЧКсынын подряддык уюмунун өкүлү район башчысына №1 ҮМБнын имаратынын курулушунун айланасында түзүлгөн кырдаал жана көңүл бурууну талап кылган актуалдуу маселелер боюнча маалымат берди. Курулуп […]Читать далее
Республикалык дартты аныктоо борборунда заманбап компьютердик томограф жабдыгы орнотулду. Акыркы үлгүдөгү аппарат Кыргызстан боюнча жалгыз гана. Томография Борбору Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун каржылоосу менен ишке ашууда. КТ аппараттары Бишкекте 2 жерде клиникалык тез жардам ооруканасында жана диагностикалык борборунда орнотулду. Жабдык Кытайда жасалган. Аппарат дененин бардык органдарын текшерет. Ооруну эң алгачкы этапта аныктай алат. Кызматтын баасы […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан 78 стоматологиялык клиникадын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди. КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп […]Читать далее
Кыргызстанда бир жумада, 19-25-декабрга чейин, COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, 3 бейтап – ооруканага жаткырылган, 7 – амбулатордук дарыланууда. 19-25-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул […]Читать далее