Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан 78 стоматологиялык клиниканын иши убактылуу токтотулду

 Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз иштеп жаткан 78 стоматологиялык клиниканын иши убактылуу токтотулду

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан 78 стоматологиялык клиникадын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу КР УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталды. Мындан сырткары, санитардык коопсуздукту  бузуулар катталган. Текшерүү учурунда юридикалык жактын юстиция жана салык органдарында катталбагандыгынын жана көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруунун фактылары дагы аныкталган.
Стоматологиялык клиникаларда адамдардын көпчүлүгүнө протездөө, имплантация, тиштерди хирургиялык жулуп алуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн.
Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата маалыматына ылайык, облуста калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалган. Алсак, 2021-жылы облуста инфекциянын 1308 учуру аныкталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 1979 учурга көбөйгөн. Ошол эле учурда стоматологиялык кызмат кан аркылуу жугуучу вирустук оорулардын таралышынын мүмкүн болуучу факторлорунун бири катары каралат.
Учурда бул клиникалардын ишмердүүлүгү токтотулуп, салык кызматы жана башка ведомстволор ушул категориядагы медициналык мекемелердин ишин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын изилделүүсүнө жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин кызматкерлеринин ичинен атайын комиссия түзүлдү.

Связанный пост