Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталды

 Кыргызстанда бир жумада СOVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталды

Кыргызстан боюнча 27.03.2023 – 02.04.2023-ж. карата СOVID-19 инфекциясынын 27 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинен 11 бейтап ооруканага жаткырылган. 2023-жылдын 27-мартынан 2-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 94 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 22 084 учуру катталды, анын ичинен  90,8% учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 9,2% учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Связанный пост