18- июлда Бишкек шаарындагы “Манас” кино театрында “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу XI эл аралык фестивалдын расмий ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Азербайжан, Белоруссия, Грузия, Армения, Казакстан, Россия, Өзбекстандан келген кинорежиссёрлор жана Кыргызстандык кинорежиссёрлор катышышты. Фестивалга келген кадырлуу коноктор кызыл […]Читать далее
Тоң районунун Кызыл-Туу айылында “Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы” кароо-сынак фестивалы өттү. Салтанаттуу иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Байышбек Астанакулов, бир катар коомдук жана маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар катышты. Иш- чаранын ачылышы манасчылардын манас айтуусу менен башталып, андан […]Читать далее
7-июлдан 12-июлга чейин “Ысык-Көл досторун чакырат-2023” XIII Эл аралык этно-карнавалына Белоруссия, Казакстан, Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар катышууда. Этно-карнавалдын алкагында чыгармачылык сынактар өткөрүлүп, “Элдик ансамбль: соло” номинациясында байгелүү орундар ыйгарылды: III орун – Артыкбаева Адеми, Касымбекова Акбермет, Касымов Мирсаит, Нарынбекова Бегайым; II орун – Маткалыкова Айбийке, Рыскулова Бермет; I орун – Тошпулатова Мадина, Айтбаева Алина, Кумарбекова Тунук; […]Читать далее
Кыргыз элинин улуттук ашканасын сактоо, өнүктүрүү жана аны даңазалоо максатында “Кыргыз даамы” этнофестивалы Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, облустук жана райондук администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана сырттан барган коноктор катышышты. Фестивалга катышкан министрдин […]Читать далее
25- июнь күнү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында 88 театралдык сезондун жабылышы жана “Театр жылдызы”сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган сыйлык театр тарабынан биринчи жолу уюштурулуп, анда иштеген бир катар чыгармачыл инсандарга тапшырылды. Номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси: Мыкты актриса номинациясы: “Сүйүү жана көгүчкөндөр”спектаклиндеги Раисанын ролу үчүн Вера Анисимовага ыйгарылса, сахналаштыруу бөлүгүнүн мыкты адиси номинациясы: […]Читать далее
23-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Кылым карыткан Чыңгыз Айтматов” аталышындагы маданий агартуу иш- чарасы өттү. Балет искусствосунун жылдыздарынын бийлери, опера солистеринин классикалык ырлары менен коштолгон маданий иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи […]Читать далее
Бүгүн, 14-июнда, Абдылас Малдыбаев Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн концерттик программасы болду. Ага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, атайын чакырылган меймандар жана коомчулуктун кеңири бөлүгү катышты. Алтынбек Максутов салтанаттуу кечени ачып […]Читать далее
Мындай макулдашуу бүгүн, 14-июнь күнү Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн алкагында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач менен жолугушууда белгилүү болду. Кызматташуу тууралуу жолугушууга Бишкек шаарында жайгашкан театр оюн-зоок мекемелеринин, искусство жана маданият тармагындагы окуу жайлардын жетекчилери катышты. […]Читать далее
Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрүнүн алкагында, бүгүн, 13-июнда “Манас” кинотеатрында Беларусь кино күндөрүнүн расмий ачылышы болуп, ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач, Белгилүү Беларусь жазуучусу, сценарист, драматург, режиссёр-аниматор, Белоруссиянын кинематографисттер Союзунун төрагасынын орун басары Елена Турова жана кино күйөрмандары […]Читать далее
Бүгүн, 12- июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата түрк тилдүү элдердин сүрөттөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Эл аралык Түрк маданияты“ТҮРКСОЙ” уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр Союзунун төрагасы, […]Читать далее