Кыргызстан жана Өзбекстан биргеликте Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повести боюнча көркөм тасма тартат

 Кыргызстан жана Өзбекстан биргеликте Ч.Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повести боюнча көркөм тасма тартат

20- ноябрда, Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти жана Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография агенттиги Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повести боюнча биргеликте көркөм тасма тартуу Меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кол коюу Маданият министрлигинде өтүп, ал Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов (Кыргызстан үчүн) жана Кинематография агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Ризаевдин (Өзбекстан үчүн) ортосунда болду.

Кол коюунун жүрүшүндө “Маданий эс тутум” жана “Маданий иденттүүлүк” маселелерин жалпы адамзаттык даражага көтөрө алган улуу жазуучунун чыгармаларын экрандаштыруунун актуалдуулугу, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда кино тартуу иштери жанданышы, ошондой эле, мындан ары алаканы бекемдөөнү макулдашты.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын сентябрь айында Ташкенттеги “Жибек жолунун бермети” эл аралык кинофестивалынын жарманкесинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти менен Өзбекстан Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Кинематография агенттигинин ортосунда “Однажды в Самарканде” аталышындагы көркөм тасма тартуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Связанный пост