Бишкекте Италия киносунун күндөрү башталды

 Бишкекте Италия киносунун күндөрү башталды

Бүгүн, 15- ноябрда “Ала-Тоо”кинотеатрында Италия киносунун күндөрү ачылды.

Иш-чаранын расмий ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Италиянын Маданият министрлигинин кино жана аудиовизуалдык искусство башкы башкармалыгынын атайын долбоорлордук жетекчиси Роберто Стабиле катышып, сөз сүйлөштү.

Марат Тагаев өз сөзүндө 17- ноябрдан баштап Бишкекте биринчи жолу Эл аралык кинофестиваль баштала турганын, анын алдында Италия Кино күндөрүнүн өтүп жатышы өзгөчө мааниге ээ экенин, аталган иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдей турган белгилеп, Италиядан келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Андан соң көрүүчүлөргө Италиянын «Даньте» тасмасы көрсөтүлдү.

Ал эми саат 20:00дө театрдын кичи залында көрүүчүлөрдүн назарына «Сага чуркайм» тасмасы коюлду.

Эртең, 16-ноябрда саат 12:00дө «Орландо», саат 14:30да Ipersonia тасмасы көрсөтүлөт. Эки тасма тең “Ала-Тоо” кинотеатрынын кичи залында коюлат.

Тактап айтканда, эки күндүк Италия кино күндөрүндө көрүүчүлөр орусча субтитрлери менен италия тилинде төрт толук метраждуу көркөм тасмаларды көрө алышат.

Кирүү акысыз.

Связанный пост