Түркияда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

 Түркияда Кыргызстандын Маданият күндөрү өтөт

2023- жылдын 26-29- ноябрь күндөрү Түркияда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өтөт.

Маданият күндөрү Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына, Түркия Республикасын 100 жылдыгына жана кыргыздын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат.

Чыгармачылык делегацияны Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жетектеп, бир катар маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү жана эл артисттери барат.

Алардын катарында Роза Айтматова, Кыргызбай Осмонов, Абдылдажан Акматалиев, Саламат Садыкова, Күмөндөр Абылов, Тынар Абдразаева жана Роза Аманова сындуу расмий өкүлдөр бар.

Ал эми чыгармачылык топтун курамында Кыргыз Республикасынын эл артисти Рысбек Жумакунов жетектеген Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Кыргыз Республикасынын эл артисти Анаргүл Нургалиева жетектеген Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын солисттери, эстрада ырчылары, кол өнөрчүлөр жана кино коюучу топ, сүрөтчүлөр жана дизайнерлер бар.

Маданият күндөрдүн программасында Кыргызстандын өнөр адамдарынын атайын даярдалган концерттик программа, кыргыз киносунун күндөрү, маданий жана адабий алакалар камтыган жолугушуулар, сүрөт, улуттук кийим жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт.

Программа боюнча Маданият күндөр Түркиянын Анкара жана Анталья шаарларынын маданий мекемелеринде өтөт.

Маданият күндөрдүн программасынын долбоору:

26-ноябрь

– Анкара сүрөт жана айкел музейинде Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында кино күндөрүнүн расмий ачылышы;

– Анкара Чоң театрында Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы.

 

27- ноябрь

– Анкара сүрөт жана айкел музейинде Кыргыз кино күндөрүнүн уланышы;

– Анкара шаарынын Гази университетинде «Кыргыз-түрк маданий жана адабий байланышы» аталышындагы конференция.

 

29 – ноябрь

– Анталья шаарындагы Хашим Ишжан маданий борборунда Кыргыз киносунун күндөрүнүн уланышы жана Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн расмий жабылышы өтөт.

Связанный пост