Бишкек эл аралык кино фестивалынын алкагында «Айтматов жана кино» эл аралык форуму өтүп жатат

Бүгүн, 18- ноябрда А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында Бишкек эл аралык кино фестивалынын алкагында «Айтматов жана кино» эл аралык форуму өтүп жатат.

Форумдун расмий бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, коомдук ишмер Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө сиңирген кызматкер Роза Айтматова, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти Айтурган Темирова сөз сүйлөп, Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өтүп жаткан форумдун маани- маңызын белгилешти.

Министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев кыргыз киносун Айтматовсуз элестетүү мүмкүн эместигин белгилеп, жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган “Кыргыз керемети” ага толук негиз берээрин белгиледи.

Ошондой эле ал, Айтматовдун жыйырма бир чыгармасынын негизинде отуздай тасма тартылганын айтып, тасмалар Кыргызстанда гана эмес, Казакстан, Түркия, Германия, Америка, Франция, Россия, Тажикстан жана башка мамлекеттерде да ийгиликтүү тартылганына токтолду.

Тимурлан Ажымалиев Айтматов кыргыз элин чыгармалары менен гана эмес, тартылган тасмалар менен да дүйнөгө даңазалаган деп билдирди өз сөзүндө.

Форумга окумуштуу жана белгилүү Айтматов таануучу, Академик Абдылдажан Акматалиев, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, Түркмөн ССРнин эл артисти, кино режиссер Ходжакули Наралиев, Өзбекстандын Кинематография агенттигинин декторунун орун басары Шухрат Ризаев, Кенгсанг университетинин профессору, Пусан эл аралык кино фестивалынын адвайзери Хонг Санву, казак кино таанучусу жана кино сынчысы, Казакстан кино сынчылар ассоциациясынын президенти Гульнара Абикеева, Якутия Республикасынын белгилүү кино режисеру Алексей Егоров, Эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы фонддун президенти Эльдар Айтматов, кыргызстандык жана чет өлкөлүк кино ишмерлердин катышууда өтүүдө.

Белгилей кетсек, форумга жалпы 10дон ашык өлкөнүн кино тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Связанный пост