КР ӨКМнин пресс-борборунда билдиргендей, 30-март күнү саат 17:00 чамасында Лейлек районунун тоо этектеринде жаап өткөн жаандын кесепетинен сел жүрүүчү сайлардан сел суулары жүргөн. Раззаков шаарындагы Жангабат участкасында жайгашкан 15-20га жакын турак үйлөрдүн короолоруна сел суулары кирген. Ош-Раззаков унаа жолунун 320-325-чакырымындагы аралыктарында жол каттамы ачык. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыр тарткандар жок.Читать далее
Бүгүн, Жарандык коргонуу башчысы А.Сыргабаевтин тапшырмасына ылайык облус аймагында кооптуу аймакта жашаган тургундар массалык түрдө коопсуз жайларга көчүрүлүүдө. Жаз мезгилинде кооптуулук күч алган жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймактарга адистер тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, кооптуулук жогору экендиги аныкталып, коопсуз жайга көчүрүү мезгилдин талабы болууда. Көчүрүү иштерине Жарандык коргоону башчысынын орун басары […]Читать далее
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:22де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун, Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Сауд Аравияда жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымдайт, Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы Элчилигинин алдын ала маалыматы боюнча, учурда жабыркагандардын жана жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат. Маалымат үчүн: Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.Читать далее
Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 02:53 чамасында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Нарын районунун Төш-Булак, Жан-Булак, Достук, айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Читать далее
Көк-Мойнокто кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти. 25-март күнү, саат 11:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок — 2 айылынын тилкесиндеги ачык аянтта кайрадан өрт чыкты. Жеринде өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 11:35де Ысык-Көл райондук ӨКБдан 1, жалпы 4 күжүрмөн эсеп тартылды. Мындан сырткары Токой […]Читать далее
Көк-Мойнок: ачык аянттагы өрт толугу менен өчүрүлдү, деп билдирди КР ӨКМнин пресс-борбору. Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок—2 айылындагы ачык аянтта чыккан ири өрт саат 21:30да толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоонун кесепетинен 2 сарай жана 1 үйдүн дубалы, болжол менен 50гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн. Учурда жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн […]Читать далее
Боомдогу “Кербен” тамактануучу жайынын жанында чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан маалымдашты. 24-март күнү, саат 12:55те Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Балыкчы-Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында жайгашкан “Кербен-Сарай” тамактануучу жайынын маңдайындагы ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Саат 14:10дө өрт чектөөгө алынып, саат 15:10дө […]Читать далее
Көк-Мойнокто ачык аянтта өрт чыкты. Бул тууралуу КР ӨКМнин пресс-борборунан билдиришти. Ысык-Көл облусунун Тоң районунда алдын ала маалымат боюнча, Көк-Мойнок 2 айылында ачык аянтта өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 3 күжүрмөн эсеп, 2 авариялык куткаруу унаасы, 1 мотопомпа, 28 куткаруучу жана Токой чарбасынан 2 мотопомпа, 16 кызматкер иш алып барууда. Ошондой […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бүгүн саат 07:00дөн тартып Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук №53 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 15 куткаруучусу тартылды. Чатырлар кооптуу жерден 2 км 200 метр аралыкта жайгашып, таза суу жана электр энергиясы орнотулду. […]Читать далее