Бишкекте таштанды ташыган унаа өрттөндү

Бишкек шаарынын Ленин районунда К.Акиев менен Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды ташуучу унаадан өрт чыккан. Бул тууралуу КРнын ӨКМнин пресс-борбору билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:09да Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 11:52де толук өчүрүлдү.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Связанный пост