Кадамжайда окуучулар жол кырсыгына кабылышты. 9 бала жаракат алды

 Кадамжайда окуучулар жол кырсыгына кабылышты. 9 бала жаракат алды
Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары кабылган жол кырсыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Жол кырсыгы 2023-жылдын 1-июнунда катталган. “Hyundai Porter” автоунаасынын ичинде “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9а-б-класстарынын окуучулары жана класс жетекчилери болгон. Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова, А.Үрүстөм кызы менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшүшкөн. Андан соң саат 18:30да Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп, “Hyundai Porter” автоунаасына 25 окуучу чыккан. Автоунааны 9“б”-класстын класс жетекчиси А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.
Кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы. Окуучу кыздар 6-июнда томографиялык текшерүүдөн өтүшөт.
Учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.

Связанный пост