“Манас” аэропорту – Бишкек унаа жолунда мектеп автобусу жол кырсыгына кабылды. Эки бала реанимацияда

 “Манас” аэропорту – Бишкек унаа жолунда мектеп автобусу жол кырсыгына кабылды. Эки бала реанимацияда

Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, “Манас” аэропорту – Бишкек унаа жолунда мектеп автобусу жол кырсыгына кабылды.

Маалыматка ылайык, тез жардам кызматына чакыруу саат 11:15те түшүп, кырсык болгон жерге эки бригада жөнөп кеткен. Жабыркагандар тез жардам кызматы жана жолдо келе жаткан унаалар менен №1 шаардык ооруканага жеткирилген. Андан соң Бишкектеги тез жардам борборунун бригадалары тартылып, алар жабыркаган балдарды шаардык тез жардам ооруканасына алып кеткен.

Болжол менен кырсыктын кесепитинен 16 адам жабыркаган. Тизме түзүлүүдө. Медициналык кызматкерлер тиешелүү жардам көрсөтүүдө. Алдын ала маалыматка ылайык, эки бала оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Кененирээк, такталган маалымат кийинчерээк берилет.

Связанный пост