Селдин кесепетинен жуулуп кеткен Ош-Баткен-Раззаков жолун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

 Селдин кесепетинен жуулуп кеткен Ош-Баткен-Раззаков жолун калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

Селдин кесепетинен жуулуп кеткен Ош-Баткен-Раззаков жолунда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борбору маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча, Ош-Баткен-Разаков унаа жолунун 265,5-чакырымында Эки-Таш тилкесинде жаандан улам сел суулары келип, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 бирдик жүктөгүч тартылды. Учурда аталган тилкеде жол бир тараптуу ачык.

Ал эми Көк-Таш-Ак-Сай автожолунун 0-7 чакырым аралыгына келген селден улам каттам убактылуу токтоп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн №2 Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч жана 1 автогрейдер техникасы тартылды. Кошумча маалымат берилет.

 

Связанный пост