Кадамжайдагы жол кырсыгы: Директорго эскертүү берилип, мугалимдер иштен бошотулду

 Кадамжайдагы жол кырсыгы: Директорго эскертүү берилип, мугалимдер иштен бошотулду
Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн №16 аппараттык кеңешмесинин протоколдук чечиминин негизинде “Өрүк-Зар” орто мектебинин директору А.Алимбаевге эскертүү берилип, тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Калбаев, соцпедагогдор А.Коргонова менен Г.Сабирова кызмат ордуларынан бошотулгандыгын билдирет.
Ал эми 9-а-б-класстарынын класс жетекчилери Г.Закирова менен А.Үрүстөм кызы Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн 2023-жылдын №01-09/9 буйругун аткарбагандыгы, КР “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына каршы жасаган иш аракеттери жана окуучулардын ден соолугуна доо кетиргендиги, өмүрлөрүнүн коопсуздугун сактабагандыгы үчүн иш ордуларынан бошотулду.
2023-жылдын 1-июнундагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класс окуучуларынын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтирилген окуянын негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн иш планы түзүлүп, иш аракеттер жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-июнунда Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы “Өрүк-Зар” орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары “Hyundai Porter” автоунаасы менен жол кырсыгына кабылган.
Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасында сүрөткө түшүү үчүн бара жатышкан. Автоунааны 9“б”-класстын класс жетекчиси А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо автоунаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.
Кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы.

Связанный пост