Быйыл борбор калаанын гүлзарларында жалпысынан 160 миң даана жоогазын гүлдөрү отургузулду. Жазында шаардыктар жоогазын гүлдөрүн Жаштык аллеясынан, Эмен паркынан, Пушкин көчөсүндө Курмаржан Датка эстелигинин жанынан, А. Малдыбаев атындагы театрдын алдынан, Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Жомок” скверинен көрө алышат. Эске салсак, былтыр жазында борбордо 140 миң жоогазын гүлдөгөн.Читать далее
Үй-жайсыз жарандарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү максатында, Свердлов районунун акимиаты тарабынан 40 орундуу баш калкалоочу жай уюштурулган. Убактылуу баш калкалоочу жай мурунку жашылдандыруу комбинатынын аймагында Фере, 34А дарегинде жайгашкан. Имаратта косметикалык оңдоо, терезелерди айнектөө, электр жарыгын оңдоо, керебеттерди оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Төшөнчүлөр (матрастар, жууркандар, жаздыктар, жаздык каптар, жана шейшептер) сатылып алынды. Муктаж болгондор өздөрү баш […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров шаар түзүүчү ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жарыктехникалык тармакты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык Министрлер Кабинетине бир айлык мөөнөттө […]Читать далее
Бүгүн, 9-ноябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306 км бөлүгүндө (Долон ашуусу) жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт. Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.Читать далее
Москва районунда өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип акын Болот Назаров кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-ноябрында милицияга Беловодское айылынын М.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында Чон-Арык айылында белгисиз эркек киши 14 жаштагы баласынын минип жүргөн жылкысын сүрөткө түшүп алайын деп сурап, андан соң балага карата күч колдонуп, жылкысын […]Читать далее
Бүгүн, 9-ноябрда Таш-Көмүр шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды. Маалыматка ылайык, ачылуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Белгиленгендей, жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн. “Өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти кубаттуу өлкөгө айлантуу, мыйзам үстөмдүгүн […]Читать далее
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарына таза суу берүү токтотулат. «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.Читать далее
Акыркы убакта алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери катары тааныштырып, телефон чалуулар жана мессенджерлер аркылуу акча которууну ырастоону суранып, жарандардын жеке маалыматын алууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. Мындай жол менен жарандар акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар. “Эч качан жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук […]Читать далее
Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда көмүр сатуучуларга эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ ведомствонун төрагасы Кеңешбай Тайлаков аталган райондорго текшерүү жүргүздү. “Сокулук районунда Кара-Кеченин көмүрү тоннасы 4,4 миң сомдон сатылууда. Сокулук жана Москва райондорунда Казакстандын Шабыркүл көмүрүн саткан сатуучуларга эки күндүн […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча рейддерди жүргүзүштү. Биринчи май районунун аймагындагы Киев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 37 жарнама конструкциясы, ошондой эле 51 баннер демонтаждалган. Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө […]Читать далее