Өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип акын Болот Назаров кармалды

 Өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип акын Болот Назаров кармалды

Москва районунда өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип акын Болот Назаров кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-ноябрында милицияга Беловодское айылынын М.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында Чон-Арык айылында белгисиз эркек киши 14 жаштагы баласынын минип жүргөн жылкысын сүрөткө түшүп алайын деп сурап, андан соң балага карата күч колдонуп, жылкысын минип кетип калгандыгын билдирген.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

9-ноябрда кылмыш жасаган адам аныкталып, ал 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурдалган жылкы буюм далили катары алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Связанный пост