Свердлов районунда туруктуу жашаган жери жок адамдарга баш калкалоочу жай ачылды

 Свердлов районунда туруктуу жашаган жери жок адамдарга баш калкалоочу жай ачылды
Үй-жайсыз жарандарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү максатында, Свердлов районунун акимиаты тарабынан 40 орундуу баш калкалоочу жай уюштурулган. Убактылуу баш калкалоочу жай мурунку жашылдандыруу комбинатынын аймагында Фере, 34А дарегинде жайгашкан. Имаратта косметикалык оңдоо, терезелерди айнектөө, электр жарыгын оңдоо, керебеттерди оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Төшөнчүлөр (матрастар, жууркандар, жаздыктар, жаздык каптар, жана шейшептер) сатылып алынды.
Муктаж болгондор өздөрү баш калкалоочу жайга келе алышат же аларды укук коргоо кызматкерлери жана тез жардам кызматкерлери жеткиришет. Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз дароо 102 (милиция) жана 103 (тез жардам) телефондоруна чалыңыз.
Кайрылуучулар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат, зарыл медициналык жардам системалуу түрдө көрсөтүлөт.

Связанный пост