Таш-Көмүр шаарында УКМКнын бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды

 Таш-Көмүр шаарында УКМКнын бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 9-ноябрда Таш-Көмүр шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Белгиленгендей, жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

“Өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти кубаттуу өлкөгө айлантуу, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, мамлекеттин коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыздоо жана элдин жашоо шартын жакшыртуу саясаты кынтыксыз аткарылышы зарыл” , – деп белгиледи Камчыбек Ташиев сүйлөгөн сөзүндө.

Связанный пост