Чүйдө көмүр сатуучуларга бааны төмөндөтүү тапшырылды

 Чүйдө көмүр сатуучуларга бааны төмөндөтүү тапшырылды

Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда көмүр сатуучуларга эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ ведомствонун төрагасы Кеңешбай Тайлаков аталган райондорго текшерүү жүргүздү.

“Сокулук районунда Кара-Кеченин көмүрү тоннасы 4,4 миң сомдон сатылууда. Сокулук жана Москва райондорунда Казакстандын Шабыркүл көмүрүн саткан сатуучуларга эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү керектиги эскертилди”, – деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, катуу отунга болгон баалардын мониторингинин негизинде 9-ноябрдан тарта республиканын ар бир районунда жана Бишкек жана Ош шаарларында нарктын максималдуу деңгээли белгиленет. Көмүрдүн баасы килограммына да, тоннасына да белгиленет. Бааны убактылуу жөнгө салуу 90 күндүк мөөнөткө киргизилген.

Связанный пост