Долон ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө

 Долон ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери жүрүүдө
Бүгүн,  9-ноябрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306 км бөлүгүндө (Долон ашуусу) жолду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт.
Аба-ырайынын шарттарына байланыштуу, жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүү сунушталат.

Связанный пост