Бишкекте 600дөн ашык жарнама демонтаждалды

 Бишкекте 600дөн ашык жарнама демонтаждалды
Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык ишканасынын кызматкерлери вице-мэр Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги астында уруксат берилбеген жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча рейддерди жүргүзүштү.
 Биринчи май районунун аймагындагы Киев көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Логвиненко көчөсүнө чейин 37 жарнама конструкциясы, ошондой эле 51 баннер демонтаждалган.
Свердлов районунда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки тилкелери тазаланды. Жалпысынан 382 жарнама конструкциясы алынган.
Ленин районунда Ахунбаев көчөсү Садырбаев көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгү да “мыйзамсыз жарнактардан” тазаланды.
Октябрь району да уруксатсыз жарнама түзүмдөрүнөн тазаланды.
Байтик баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки тилкеде да жалпысынан 26 жарнамалык конструкция жана 65 баннер демонтаждалган.

Связанный пост