Улуттук банк алдамчылардан сак болууга чакырат

 Улуттук банк алдамчылардан сак болууга чакырат
Акыркы убакта алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери катары тааныштырып, телефон чалуулар жана мессенджерлер аркылуу акча которууну ырастоону суранып, жарандардын жеке маалыматын алууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет.
Мындай жол менен жарандар акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар.
“Эч качан жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз! Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз. Бардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз” – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост