“Арча-Бешик” конушунда бала бакча курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы “Арча-Бешик” конушунда бала бакча  курууда.

Имарат 2 кабаттуу, жер төлөсү жок. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 8 топ 180 орунга эсептелген. Жалпы аянты- 1889,3 чарчы метр.

Учурда сырткы жасалгалоо, аймакты көрктөндүрүү жана от казандын курулушу жүрүп жатат.

Имаратта оюн-зоок, буфет, ашкана, уктоочу, жуунуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан.

Курулуш иштерин “КББ” ЖЧКсы подряддык уюму жүргүзүүдө.

Связанный пост