Токмок шаарынын мэри алмашты

 Токмок шаарынын мэри алмашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри Самаев Урматбек Обозбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Нусувалиев Максат Орозбекович Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.

Связанный пост