Талас шаарынын мэри алмашты

 Талас шаарынын мэри алмашты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Талас облусунун Талас шаарынын мэри Шабданов Аскар Адылбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Джумаев Эрмат Джумаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас шаарынын мэри болуп дайындалды.

Связанный пост