Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясынын ортосундагы автомобиль жана темир жолдук жүк ташууларында электрондук навигациялык пломбаларды колдонууну караган пилоттук долбоорду ишке киргизди. Пилоттук долбоор 2023-жылдын 1-сентябрына чейин уланат. Долбоордун алкагында үч өлкөнүн интеграцияланган маалыматтык системасы жана товарлардын ташылышына байкоо жүргүзүү, товарлардын жеткирилишин контролдоо, ошондой эле тышкы экономикалык иштин катышуучуларын […]Читать далее
Ак-Босого конушунун Чүй 41 көчөсүндө жаңы сквер ачылды. Биринчи май районунун акимиаты менен биргеликте 2022-жылдын ноябрь айында сейил бакты куруу иштери башталган.Миграция боюнча эл аралык уюмдун демөөрчүлүгүнүн аркасында аянтты курууга керектүү бардык материалдар сатылып алынган.Алсак, «Бишкекжарык», «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканалары тарабынан аянтка тротуарлар төшөлүп, отургучтар орнотулуп, шаарды жарыктандыруу үчүн 24 даана бетон негиздер, торшерлер жана лампалар […]Читать далее
2023-жылдын 10-июнунда Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча кезектеги авиакаттам жанданат. FlyArystan авиакомпаниясы каттамдарды жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы 2 саат. Бул авиакаттамга байланыштуу суроолор жаралса, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайбыз.Читать далее
Бүгүн Сейсмология институнун маалыматына ылайык саат 09:21де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Аксы районунун Тегирмен-Сай, Итагар айылдарында 4,5 балл ал эми Жылган, Жол-Сай, Товар-Сай, Кызыл-Туу, Коргон, Авлетим, Кашка-Суу,Кызыл-Капчыгай айылдарында 4балл, Мундуз, Кой-Таш айылдарында жана Кербен шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Читать далее
Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден-соолук” командасы утушун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү жана кам көрүү максатында, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана «Мурас» футбол турнирдин катышуучулары жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнүнө карата байгени, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу майып балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборлорунун бирине тапшырууну чечишти. 27-28-май күндөрү Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтүп, анда бир нече командалар күч сынашты. […]Читать далее
Жакынкы жылдарда дүйнөлүк эмгек рыногу санариптештирүү жаатында жогорку талаптарга жооп берген жаңы көндүмдөрү бар адистерге муктаж болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кыргыз-герман кызматташтыгынын келечеги: трансформациядан жаңы доорго” аттуу конференцияда билдирди. «Ошондуктан адилеттүү трансформация 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги принциби болуп саналат. Санариптештирүү жана жашыл экономика Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнүн […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 30-майда, Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата ата-энелер жана балдарга арналган “Алтын Казык” интерактивдүү фестивалына катышты. Биринчи айым өзүнүн куттуктоо сөзүндө бардык балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады. “Бул иш-чаранын мааниси чоң. Анткени, бала мээримдүү жана камкор үй-бүлөдө чоңойсо, ал өмүр бою бактылуу болот. Үй-бүлөдөн башка эч ким […]Читать далее
Борбор калаанын мэриясы шаардын 39 мектебинде лагерлердин ишин уюштурса, 34 мектепте коомдук тамактануу менен лагерлер уюштурулган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады. Лагерлер 2023-жылдын 5-июнунан 30-июнуна чейин иштейт. Мектеп лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт жана 4285ке жакын окуучуну камтыйт. Учурда лагерлерди ачууга даярдоо иштери жүрүп – эс алууну каалаган окуучулардын тизмелери, […]Читать далее
Кореялык T’way Air Co., Ltd. авиакомпаниясы ушул жылдын 11-июнунда Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын ачууну максат кылууда. «Манас» эл аралык аэропортунан Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат. Сеулга каттамдар жумасына бир жолу аткарылат – учуу дүйшөмбүдө, конуу жекшембиде. «МЭА» ААК аталган каттам боюнча суроолор болсо, жогоруда аталган авиакомпания менен түз байланышууну сунуштайт.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын колдоосу астында мамлекеттик түзүмдөр, эл аралык жана коомдук уюмдар үчүн “Кыргызстандагы сексуалдык зомбулук жана майыптык: мыйзамдар, саясат, тажрыйбалар жана сот адилеттигине жетүү” аттуу докладдын таанытымы болуп өттү. Басылма Кыргызстандын коомдук уюмдары, майыптыгы бар адамдардын “Равенство” Бирлиги, “Бир Дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылы жана Equality Now (“Равенство […]Читать далее