2023-жылдын 1-июнунда, Абу-Даби-Бишкек-Абу-Даби багыты боюнча Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясынын биринчи үзгүлтүксүз каттамы учуп келди. Эми жүргүнчүлөр Бириккен Араб Эмираттарынын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат. Каттамдын салтанаттуу ачылышында «МЭА» ААКнын Аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарынын учуу географиясынын кеңейиши Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын натыйжалуулугун жогорулаткан маанилүү окуя болуп саналат. Wizz […]Читать далее
КР Министрлер Кабинетинин 2023 жылы чыгарылган токтомуна ылайык, сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрүнө (мындан ары – СӨЗТМ) ортоктош жоопкерчилик принциптеринин негизинде пайызсыз жана күрөөсүз каржылоо жүргүзүлөт. Бул максаттарга болжол менен 9,6 млн АКШ доллары сом түрүндө бөлүнөт. Каржылануучу фермерлер, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү. 2023-жылдын 26-майына жалпысынан 100,6 млн сом […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын утушунун 1-этабына бир айга жетпеген убакыт калгандыгын эскертет. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Салык кызматы жарандарды лотереяга катышууга жана баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого чакырат. Лотереянын 1-турунун байге фондунда 10 электромобиль, 1000 смартфон, 150 ноутбук жана башка баалуу байгелер бар. […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын жана “Ак-Жол” реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктады. “КР Президенти С.Н.Жапаровдун көңүл буруусунун аркасында өткөн жылдан бери интернаттардагы балдардын жана чоңдордун тамактануусу кыйла жакшырды. Тамактанууну каржылоо 100% көбөйгөндөн кийин балдар дайыма шире, мөмө-жемиш, жашылча, кондитердик азыктарды алып турушат. Дегеле, […]Читать далее
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Жашыл Мурас” улуттук программасынын алкагында Кыргызстандын экологиялык ресурстарын жаңыртуу боюнча иш-чараларды улантууда. Бул демилге өлкөнүн жарандарынан гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн арасында да колдоо көрдү. Мисалы, 2023-жылдын 30-майында Татарстан Республикасынан «Имеральд» ЖЧКсы Кыргыз Республикасына 10 000 ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн өткөрүп берди. Жаш дарактар Жаратылыш ресурстар министрлигинин […]Читать далее
Бүгүн, 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө, Кыргыз Республикасынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы «Өкмөттүн акселераторлору» программасынын алкагында кезектеги үй тибиндеги бала бакчанын салтанаттуу ачылышына катышты. Ошондой эле иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары, Бишкек шаардык мэриясынын жана Биринчи май районунун администрациясынын өкүлдөрү, ошондой […]Читать далее
Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында шаардын төрт районундагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселеси боюнча жыйын өттү. Жыйынга Биринчи май, Ленин, Октябрь, Свердлов райондук администрацияларынын башчылары жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышты. Шаар башчысы мурда жүктөлгөн маселелер боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу маалыматты укту. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин тез […]Читать далее
Октябрь районунда белгиленген чегинен чыгып кеткен субъектилерди аныктоо боюнча текшерүү жүрүп жатат. Октябрь администрациясы жооптуу кызматтар менен биргеликте муниципалдык жерлердин эсебинен иш алып барып жаткан, чектерин кеңейтип алган жеке субъектилерге рейддерди өткөрүүдө. Жумушчу топтор тарабынан жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгында 123 объект текшерилип, 68 билдирүү берилген, 46сы демонтаждалып, 11 объектинин документтери мыйзамдаштыруу үчүн тиешелүү кызматтарга жөнөтүлгөн. Бишкек […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда №20 бала бакча реконструкциядан кийин ачылды. Бала бакчанын планы кайрадан иштелип чыгып, капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Жаңы бала бакча 130 орунга ылайыкталган. Анда бөбөктөр тайпасы, кенжелер тайпасы, 2 улуу жана 2 даярдоо тайпасы болот. Мектепке чейинки балдар мекемеси медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр менен камсыздалган. Ойноочу […]Читать далее
2023-жылы “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул төлөө үчүн 740,9 млн сом каралган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинен маалымдашты. Ар бир жаңы төрөлгөн наристе үчүн өкмөт 4000 сом төлөп берет. КР Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча Кыргызстанда жылына 150 миңге жакын бала жарык дүйнөгө келет.йЧитать далее