Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден-соолук” командасы утушун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна берет

 Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден-соолук” командасы утушун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна берет

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга колдоо көрсөтүү жана кам көрүү максатында, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана «Мурас» футбол турнирдин катышуучулары жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнүнө карата байгени, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу майып балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборлорунун бирине тапшырууну чечишти.

27-28-май күндөрү Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турнири өтүп, анда бир нече командалар күч сынашты. Беттештин жыйынтыгында биринчи орунду «Ден-соолук» командасы жеңип алды. Оюнчуларга Чемпиондун өткөөл кубогу жана 400 000 сомдук сертификат тапшырылды.

Связанный пост