Ак-Босого жаңы конушунда сквер ачылды

Ак-Босого конушунун Чүй 41 көчөсүндө жаңы сквер ачылды.

Биринчи май районунун акимиаты менен биргеликте 2022-жылдын ноябрь айында сейил бакты куруу иштери башталган.Миграция боюнча эл аралык уюмдун демөөрчүлүгүнүн аркасында аянтты курууга керектүү бардык материалдар сатылып алынган.Алсак, «Бишкекжарык», «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканалары тарабынан аянтка тротуарлар төшөлүп, отургучтар орнотулуп, шаарды жарыктандыруу үчүн 24 даана бетон негиздер, торшерлер  жана лампалар орнотулду. Ошондой эле паркка сапаттуу жарыктандыруу орнотуу үчүн 320 метр электр кабели тартылды.

Ал эми «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жашылдандыруучулары тарабынан 200 жашыл көчөт отургузулду, анын ичинен: 130 ийне жалбырактуу дарак, 70 кайың жана 45 клен. Ошондой эле, 2500 м2 аянтка газон себилип, бир жылдык гүлдөрдөн клумба отургузулду.

Бул сейил бактын ачылышы шаар тургундары менен шаардык муниципалитеттин жетекчилигинин натыйжалуу кызматташуусунун мисалы болуп саналат.

Связанный пост