Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 17-20-майында Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон биринчи мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашык суммадагы келишимдерге кол коюлду. Ошондо төмөнкү документтерге, суммасы менен, кол коюлду: – “China Power International Development Limited” компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 млн евро; […]Читать далее
Биринчи айым Айгүл Жапарова КЭР Төрагасынын жубайы Пэн Лиюань жана Өзбекстандын Президентинин жубайы Зироатхон Хошимова менен биргеликте Сиань шаарындагы «Ису» (Шэньси операсы) театрына барды. Мамлекет башчыларынын коштоосунда барган Кыргызстандын жана Өзбекстандын биринчи айымдарына Кытайга мамлекеттик сапардын алкагында маданий программа уюштурулган. Театрда кытайдын салттуу искусствосунун ар кыл түрү бар, анын ичинде опера, салттуу бийлер, ырдоо жана […]Читать далее
Берлинде Кыргызстандын жарандарына визалык жеңилдиктерди берʏʏ маселелери талкууланды
2023-жылдын 11-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча Атайын өкүлү Йоахим Штамп менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосунда Кыргыз Республикасындагы квалификациялуу адистерди даярдоо, аларды Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана Германияга жумушка жана окууга келген Кыргыз Республикасынын жарандарына визалык жеңилдиктерди […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун башкы директору Хиба Мухаммед Али Ахмад менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты. Кыргыз делегациясынын башчысы МинКаб Төрагасынын биринчи орун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэньди кабыл алды. Жолугушууда тараптар энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, көзөмөл өткөрүү бекеттеринин ишин оптималдаштыруу, соода-логистикалык борборлорду түзүү жана айыл чарба продукцияларын экспорттоо, кыргыз-кытай ишкерлеринин жолугушууларын уюштуру сыяктуу бир катар маселелерди талкуулады. Ошондой эле, […]Читать далее
2023-жылдын 10-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Франция Республикасынын Европа жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү. Кыргыз делегациясын – КР Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Бакыт Джусупов, француз делегациясын Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директорунун орун басары Сильвен Гиоге жетектешти. Консультациялардын жүрүшүндө маселелердин кеңири […]Читать далее
КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту. Бул тууралуу КРнын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга эки облустун чектеш жайгашкан райондорунун башчылары, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Жолугушуу бүгүн 2-майда Кыргызстандын Кызыл-Бел айылы менен Тажикстандын Гулистон жерлигинин чектешкен […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу
Бүгүн, 1-майда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолун аныктаган дагы бир орчундуу жана тарыхый окуяга айланган конституциялык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Садыр Жапаров Президент Шавкат Мирзиёев тарабынан жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа, ошондой эле өлкөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн […]Читать далее
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун
Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Биргелешкен бизнес-демилгелерди жана келечектүү […]Читать далее
Акылбек Жапаров: Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы “жашыл” болуп саналат,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусундагы II Ташкент эл аралык инвестициялык форумга катышты. II Ташкент эл аралык инвестициялык форуму салттуу түрдө дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн 2500дөн ашуун өкүлдөрдү чогултту жана ал пленардык жыйын форматында, панелдик […]Читать далее