МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) жумуш сапары менен барган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров II Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк жана көп кырдуу кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Биргелешкен бизнес-демилгелерди жана келечектүү инвестициялык долбоорлорду колдоого, экономика, өнөр жай, транспорт, логистика жана айыл чарба тармактарында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кабыл алынган биргелешкен Жол карталарына ылайык жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жигердүү иштердин жыйынтыгын канааттануу менен белгилеп, мисал катары жакында эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын капиталдык оңдоодон өткөндөн кийинки ачылышын жакшы жетишкендик деп белгиледи.

МинКаб Төрагасы ошондой эле жаңы редакциядагы Өзбекстандын Конституциясы жөнүндөгү мыйзам боюнча жалпы элдик референдумдун өтүшүнө ийгилик каалады.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосундагы практикалык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү жана өз ара аракеттенүүнүн күн тартибин конкреттүү долбоорлор менен толтурууну белгиледи.

Жолугушуу салтка айланган боюнча ачык, иштиктүү жана достук мамиледе өттү.

Связанный пост