КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү

 КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү

2023-жылдын 10-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Франция Республикасынын Европа жана тышкы иштер министрлигинин ортосунда кыргыз-француз саясий консультациялары болуп өттү.

Кыргыз делегациясын – КР Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Бакыт Джусупов, француз делегациясын Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Континенталдык Европа департаментинин директорунун орун басары Сильвен Гиоге жетектешти.

Консультациялардын жүрүшүндө маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык талкууланды. Тараптар бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди уюштуруу аркылуу эки тараптуу саясий диалогду өнүктүрүүгө өз ара ниеттерин ырасташты.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, 2023-жылы бизнес-форумду уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Франциянын ортосунда энергетика, туризм жана суу чарба тармагында кызматташтыкты түзүү боюнча биргелешкен иштердин зарылдыгы белгиленди.

Борбордук Азиянын алкагындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле ЕБ аркылуу кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар БУУ, ЕККУ жана ЮНЕСКО сыяктуу эл аралык структураларда тышкы саясий тыгыз координациялоону улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн бардык спектри боюнча ачык жана өз ара урматтоого негизделген диалогду улантуу ниетин тастыкташты.

Связанный пост