МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун башкы директору Хиба Мухаммед Али Ахмад менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Королдугуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун башкы директору Хиба Мухаммед Али Ахмад менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Кыргыз делегациясынын башчысы МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо боюнча, анын ичинде “социалдык контракт” долбоорунун алкагында Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берип, бул демилгенин кийинки этабын биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары ошондой эле кесиптик-техникалык багыттагы кадрларды даярдоо боюнча долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Хиба Мухаммед Али Ахмад кыргыз тарап жарыялаган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, мындан аркы кызматташуунун жагдайларын иштеп чыгууга даяр экенин белгиледи.

Связанный пост