Берлинде Кыргызстандын жарандарына визалык жеңилдиктерди берʏʏ маселелери талкууланды

 Берлинде Кыргызстандын жарандарына визалык жеңилдиктерди берʏʏ маселелери талкууланды

2023-жылдын 11-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча Атайын өкүлү Йоахим Штамп менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Германиянын ортосунда Кыргыз Республикасындагы квалификациялуу адистерди даярдоо, аларды Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү жана Германияга жумушка жана окууга келген Кыргыз Республикасынын жарандарына визалык жеңилдиктерди берʏʏ маселелери талкууланды.

Й.Штамп Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилеп, Германияга эмгек ресурстарын тартуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар бул маселелер боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Связанный пост