Мамлекеттик салык кызматы салыктык түшүүлөрдү күн сайын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп турат. 23-ноябрдын жыйынтыгы боюнча, бир күндө 3,3 млрд сом салык чогултулган. Бул тууралуу бүгүн Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында билдирди. Анын айтымында, мекеме күн сайын саат 18:00дө түшкөн салыктар боюнча жыйынтык маалыматтарды алат. Маалыматтар “Ачык бюджет” системасы аркылуу […]Читать далее
“Дордой” базарынан түшкөн салык төлөмдөрүнүн көлөмү 400 млн сомдон 900–950 млн сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин базардагы ишкерлердин салык төлөө милдеттенмелерин аткарышын камсыз кылуу үчүн аларга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин алып барууга туура келген. “Мурда “Дордой” […]Читать далее
Кыргызстан мунайзатка болгон ички керектөөсүн Россия, Кытай жана Түркмөнстандан келген күйүүчү майдын эсебинен толук камсыздап жатат. Өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгы жок. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында өткөн жыйынында маалым болду. Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Мамановдун айтымында, күйүүчү май өлкөгө макулдашуулардын негизинде импорттолууда. Россиядан алып келүү учурдагы […]Читать далее
2026-жылдын январь-октябрь айларында салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 338 млрд 222 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында билдирди. Анын айтымында, көрсөткүч белгиленген 325 млрд 836 млн сомдук пландан 12 млрд 386 млн сомго көп. Натыйжада он айлык план мөөнөтүнөн мурда аткарылып, өсүү темпи 138%ды түздү. “Жалпы […]Читать далее
Кыргызстандагы аймактарды өнүктүрүү фонддорун каржылоонун көлөмү 2021-жылы 1 млрд сомду түзсө, 2026-жылы 5,2 млрд сомго жеткен. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди. Анын айтымында, ошол эле учурда айрым райондордо бөлүнгөн каражаттарды натыйжасыз пайдалануу жана өз убагында өздөштүрбөө учурлары аныкталган. Ысык-Көл облустук фондунан бөлүнгөн 19,3 млн сомдун 3,6 млн сому гана өздөштүрүлгөн. […]Читать далее
Кыргызстан Сауд Аравиясына экологиялык жактан таза жана адал продукцияларды, анын ичинде бал жана айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Сауд Аравиясынын Аш-Шура Мажлисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль аш-Шейх менен жолугушууда билдирди. Парламенттин маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев […]Читать далее
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык чен менен кошумча 271 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу тиешелүү тескеме кабыл алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Каражат фермерлерге “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу жеңилдетилген насыя түрүндө берилет. Аны асыл тукум малдын ири мүйүздүү түрлөрүн, топоз, жылкы, кой жана […]Читать далее
Кыргызстанда дыйкан жана фермерлерди айыл чарба техникасы менен камсыздоо, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын жабдууларын жаңылоо үчүн 45 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул каражат Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган лизинг долбоорунун алкагында берилет. Долбоорго ылайык, айыл чарба техникасын жана кайра иштетүүчү жабдууларды […]Читать далее
Кыргызстанда дыйкан жана фермерлерге айыл чарба техникасын, ал эми кайра иштетүүчү ишканаларга керектүү жабдууларды жеңилдетилген шартта лизингге берүү долбоору ишке ашырылууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоорду каржылоо үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 45 млн доллар өлчөмүндө инвестициялык кредит тартылган. “Анын алкагында айыл чарба жана атайын техникаларды, ошондой эле кайра […]Читать далее
Кыргызстанда кымыз өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген насыя менен колдоо пландалууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рыскүл Акимжанова социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын маалыматына караганда, учурда каражат бөлүү жана аны алуу механизмдери иштелип жатат. “Айыл чарба министрлигинде кымыз өндүрүүчүлөрдүн жана бул суусундукту изилдеген окумуштуулардын катышуусунда жыйын өттү. Анда “Кыргыз […]Читать далее