Салык кызматы күнүнө 7,7 млрд сомго чейин салык чогултулууда
Мамлекеттик салык кызматы салыктык түшүүлөрдү күн сайын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп турат. 23-ноябрдын жыйынтыгы боюнча, бир күндө 3,3 млрд сом салык чогултулган. Бул тууралуу бүгүн Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында билдирди.
Анын айтымында, мекеме күн сайын саат 18:00дө түшкөн салыктар боюнча жыйынтык маалыматтарды алат. Маалыматтар “Ачык бюджет” системасы аркылуу түзүлүп, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине жөнөтүлөт.
“Күнүмдүк салыктык түшүүлөрдүн көлөмү бир топ айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, бир күндө 3 млрд 300 млн сом чогултсак, мындан үч күн мурда түшүүлөр 7 млрд 700 млн сомду түзгөн. Мурда күнүмдүк түшүүлөр орточо 800 млн сомдун тегерегинде болчу”, – деди Шыкмаматов.