Салык чогултуу: План мөөнөтүнөн мурда аткарылды

 Салык чогултуу: План мөөнөтүнөн мурда аткарылды

2026-жылдын январь-октябрь айларында салыктык түшүүлөрдүн көлөмү 338 млрд 222 млн сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүч белгиленген 325 млрд 836 млн сомдук пландан 12 млрд 386 млн сомго көп. Натыйжада он айлык план мөөнөтүнөн мурда аткарылып, өсүү темпи 138%ды түздү.

“Жалпы план ашыгы менен аткарылганына карабастан, бир катар райондордо жана шаарларда белгиленген көрсөткүчтөр системалуу түрдө аткарылбай келет. Тактап айтканда, мындай жагдай Тоң, Түп, Жумгал, Москва, Кара-Буура жана Аксы райондорунда, Токмок жана Таш-Көмүр шаарларында, ошондой эле Кадамжай менен Сүлүктүдө байкалууда”, – деди Шыкмаматов.

Связанный пост