Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 5,2 млрд сом толук өздөштүрүлгөн эмес

 Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 5,2 млрд сом толук өздөштүрүлгөн эмес

Кыргызстандагы аймактарды өнүктүрүү фонддорун каржылоонун көлөмү 2021-жылы 1 млрд сомду түзсө, 2026-жылы 5,2 млрд сомго жеткен. Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда айрым райондордо бөлүнгөн каражаттарды натыйжасыз пайдалануу жана өз убагында өздөштүрбөө учурлары аныкталган. Ысык-Көл облустук фондунан бөлүнгөн 19,3 млн сомдун 3,6 млн сому гана өздөштүрүлгөн. Ал эми Чаткал районунда 181 млн сомдун 105 млн сому пайдаланылган эмес.

“Жети-Өгүз районунда өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 7,9 млн сомдон ашык каражат аймакты өнүктүрүүгө эмес, мамлекеттик мекемелер үчүн эмерек жана жабдууларды сатып алууга жумшалган. Мындан тышкары, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда да көйгөйлөр аныкталган. Тактап айтканда, Балыкчы – Корумду унаа жолун жарыктандыруу иштери ушул күнгө чейин аяктаган эмес.

Узундугу 99,8 чакырымды түзгөн жол тилкесин жарыктандыруу үчүн “Кумтөр” компаниясынын Ысык-Көл облустук фондунан 350 млн сом каралган. Келишимге ылайык, иштер 2026-жылдын 15-июлуна чейин бүткөрүлүшү керек болчу. Бирок долбоорду ишке ашыруу учурунда жарыктандырыла турган жол тилкесинин узундугу 90 чакырымга чейин кыскартылган. Ошол эле учурда долбоордун баасы өзгөргөн эмес”, – деди ал.

Белгиленгендей, бул долбоорду аяктоо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшүнө байланыштуу да мааниге ээ.

Связанный пост